Бишкекте коомдук уюмдар “Кыргыздын кымыз майрамы” аттуу көргөзмө-жарманкесин өткөрдү. Ага республиканын төрт бурчунан келген кымыз коюлду.
Улуттук суусундукту даңазалоо максатында өткөн иш-чарада ырчылар, төкмө акындар, манасчылар өнөр көрсөтүп, кымыз тууралуу кызыктуу маалыматтар айтылды.
Шаардыктар кымыз жасоонун процессин көрүп, сатып алып жатышты.