Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Кулчулуктан куткарылган келин жардамга муктаж


Иллюстрация
Иллюстрация

Кулчулуктан куткарылган келин жардамга муктаж болууда. Карасуулук Элзада Муминова 2004-жылы 15 жашында Казакстанга чала тааныш үй-бүлө менен барып, күң катары сатылып кеткен.

13 жылдык азаптуу өмүрү тууралуу ал "Азаттыктын" студиясына келип айтып берген эле.

Келиндин тагдырынан кабар алып, Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборуна кайрылганыбызда анын жетекчиси Дарика Асылбекова Элзаданын материалдык жардамга муктаж болуп жатканын кабарлады.

Келин колундагы кызына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып, өзүнүн документтерин да калыбына келтирген. Кара-Суу районундагы туугандарын издегенден майнап чыккан эмес. (BCh)

XS
SM
MD
LG