Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Euro-2016: финалдагы коопсуздукту миңдеген полиция көзөмөлдөйт


Европанын быйылкы футбол чемпионатынын финалында Франция менен Португалиянын мелдеши Париждеги Stade de France стадионунда өтөт.

Былтыр сыртында үн жанкечти өзүн-өзү жардырган ушул стадиондун, Эйфел мунарасынын жана Елисей талаасынын жанында футбол күйөрмандарынын 92 миңдей адам кире алуучу зоналарындагы коопсуздукту сактоого беш миңдей полиция кызматкери тартылууда.

Полиция менен аскерлер Париждин көчөлөрүн былтыр ноябрда 130дай кишинин өмүрүн алган кол салуулардан бери үзгүлтүксүз кайтарып келатышат.

Француз бийлиги финалда Франция утуп калса, коопсуздук жүйөсүнөн улам эч кандай жүрүш же парад уюштурулбасын да билдиришти.

1998-жылы Франциянын дүйнөлүк чемпионаттагы жеңишин Парижде бир миллиондой киши көчөгө чыгып майрамдаган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG