Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Маркум журналисттин үй-бүлөсү Сирия бийлигин сотко берди 


2012-жылы Сириянын Хомс шаарында каза тапкан америкалык белгилүү журналист Мэри Колвиндин туугандары анын өлүмүнө президент Башар Асаддын бийлигин күнөөлөп жатышат. Даттангандар сириялык аскерлер Колвинди атайлап өлтүргөнүн жана буга далилдер бар экенин айтып чыгышты.

Алардын маалыматында, Сириянын өкмөттүк күчтөрү көмүскө медиа борборду ракета менен аткылап, курчоого алынган шаардагы карапайым жарандардын оор тагдыры, курмандыктар тууралуу маалымат таратууга бөгөт коюуну көздөшкөн. Доо арыз Вашингтондун райондук сотуна жолдонду. Америкалык эмгек сиңирген журналист Мэри Колвин британиялык Sunday Times гезити менен кызматташып жүрчү. Ал кандуу чатактар орун алган аймактардагы жайкын тургундардын тагдырын чагылдырып турган.

XS
SM
MD
LG