"Журналисттерди коргоо комитети" (The Committee to Protect Journalists) деп аталган эл аралык уюм Германия канцлери Ангела Меркелге кайрылып, Азимжан Аскаровду абактан бошотуу үчүн кыргыз бийлигине таасир этүүнү өтүндү.
Меркель 13-14-июлда расмий сапар менен Бишкекте болот.
Жалал-Абад облусунан укук коргоочу Азимжан Аскаров Жогорку Соттун чечими менен 2010-жылдагы Июнь окуясына айыптуу деп өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Көптөгөн укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар ал күнөөсүз экенин айтып келет.
Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигине кайрылып, анын ишин кайра кароону сунуштаган.
Бул сунуштун негизинде териштирүү Жогорку Сотто ушул тапта башталууда. (RK)