Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Аскаровдун сотуна эл аралык уюмдар да катышууда


Сот башталууда
Сот башталууда

Жогорку Сотто укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароо башталууда.

Сот ачык өтүп, жараян катышуучуларынан башка ага эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышууда.

Коопсуздук чаралары күчөтүлүп, катышуучулар тыкыр текшерүүдөн өттү.

Ушул жылдын апрель айында Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин Аскаровду абактан бошотуп, сот өкүмүн жокко чыгарууга чакырган. Анда укук коргоочу мыйзамсыз камалганы, кыйноого туш болгону, сот адилеттүү чечим чыгарбаганы жана өзүн коргоого мүмкүнчүлүк берилбегени, абакта оор шартта отурганы айтылган.

Аскаровду күнөөлүү деп эсептеген тарап аны бошотуууга каршы болуп келет.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашаган Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь коогасына байланыштуу камакка алынган. Ага “улут аралык жаңжалды козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана адам өлтүрүүгө аралашкан” деген айып тагылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG