Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Армениянын жупка боюнча ЮНЕСКОго кайрылуусуна нааразылык күчөдү


Лаваш.
Лаваш.

Армениянын жупканы (лаваш) ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана каттоо тизмесине киргизүү сунушуна Түркия, Азербайжан, Иран, Кыргызстан жана Казакстан нааразы болууда. Бул өлкөлөр жупка боюнча биргелешкен билдирүү даярдап, ЮНЕСКОго жолдошту. Анда жупка жалпы түрк элдеринин маданий мурасы экени белгиленген.

Түркиянын Vatan гезити кабарлагандай, биргелешкен кайрылуу «Жука нан бышыруу маданияты: лаваш, катырма, жупка, юфка» деп аталат.

Аны ЮНЕСКО быйыл ноябрдын этегинде Эфиопиянын борборунда өтө турган жыйында талкуулайт.

2014-жылы ЮНЕСКО "армян наны лаваш" деген чечим кабыл алган, бирок кийин Түркия жана Азербайжан каршы чыкканда " Армениядагы лаваш" деп өзгөртүлгөн.

ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана каттоо тизмесине кыргыздардын Манас эпосу, Айтыш өнөрү, Боз үй, Ала кийиз, шырдагы катталган. (ElB/NT)

XS
SM
MD
LG