Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:54

Кыргызстандагы гепатит боюнча абал изилденүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Бул күндөрү Кыргызстанда иш сапар менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун гепатит боюнча миссиясынын адистери жүрөт. Алар өлкөдөгү бул илдет боюнча абал менен таанышып, жардам берүүнүн жолдорун изилдешет.

Бүгүн адистер министр Талантбек Батыралиев менен жолугуп, кызматташтык жолдорун талкуулашты.

Адистердин айтымында, соңку кезде Кыргызстанда боордун жугуштуу оорулары, анын өтө кооптуу деген формалары көбөйө баштады. Буга профилактиканын жетишсиздиги, элдин таза суу менен камсыз болушунун начардыгы жана санитардык абалы себеп болууда.

Дүйнөлүк масштабда гепатит кургак учук, СПИД жана безгек сыяктуу кооптуу илдет деп аталган.

Кыргызстанда жугуштуу ооруга чалдыккандардын 30% вирустук гепатит түзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG