Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Орусия НАТОну сынга алды


НАТОнун Варшава саммити.
НАТОнун Варшава саммити.

Москва НАТО өлкөлөрүнө эч кандай коркунуч келтирбестигин билдирүүдө.

Варшава саммитинде НАТО өлкөлөрү Орусиянын Крымды аннексиялоосу жана Чыгыш Украинада жикчилдерди колдоосу үчүн Чыгыш Европада ири аскер жайгаштыруу чечимин кабыл алды. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова 13-июлда боло турган НАТО-Орусиянын кеңешинин жыйынында альянстын бул планына түшүнүк издөөгө аракет жасарын билдирди.

НАТО ошондой эле Финляндия жана Швеция менен коргонуу багытында кызматташууну өркүндөтөрүн билдирген. Орус тарап бул маселе боюнча маалымат алууну көздөөдө. 9-июлда Варшавада аяктаган НАТОнун саммитинде 1000 аскерден турган төрт батальонду Польша, Эстония, Латвия жана Литвада ротациялык негизде жайгаштыруу чечими кабыл алынды. (AiT)

XS
SM
MD
LG