Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Белгилүү скульптор Иранда “коомдук тынчтыкты бузду” деп айыпталууда


Парвиз Танаволи.
Парвиз Танаволи.

Өлкөдөн чыгуусу токтотулган белгилүү скульптор Парвиз Танаволи полиция тарабынан “коомдук тынчтыкты” бузган жана “жалганды тараткан” деп айыпталып жатканын билдирди. Танаволи бул тууралуу маданият жана маалымат каражаттары боюнча Ирандын атайын сотуна барып келгенден кийин ILNA расмий маалымат агенттигине кабарлаган.

“Алар мага скульптураларым коомдук бейпилдикти бузуу катары сыпатталарын айтышты” деди Танаволи 10-июлда. Бийликтер анын паспортун өткөн жумада алып коюшуп, Лондонго учуусуна жол берген эмес. Британияга ал “Персия үйлөрүндөгү Европа аялдары” деген жаңы китебин чыгарууга бармак. “Мен 50 жылдан бери иштеп келатам. Бир дагы ишимде маселе чыккан эмес”,- дейт Танаволи. Ал Тегерандын бир нече жерине скульптуралары коюлгандан кийин айыпталган.

Танаволи Ирандын эң белгилүү скульпторлорунун бири. (AiT)

XS
SM
MD
LG