Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

АКШнын коргоо министри Багдадга келди


Ирак.
Ирак.

11-июлда Иракка келген министр Эш Картер Ирак лидерлери менен “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмга каршы күрөш жана Мосул шаарын бошотуу маселесин сүйлөшөт.

“Сапар учурунда премьер-министр Хайдер Абади жана биздин командирлер менен жаңы кампанияны, Мосулду бошотууну жана ага көзөмөл орнотууну сүйлөшөм”,- деп билдирди Эш Картер сапар алдында.

Картердин сапары Мосулдун түштүгүндө 60 чакырым алыстыкта жайгашкан аскердик аба базаны Ирак аскерлери бошоткондон эки күндөн кийин болуп жатат. Эш Картер Кайара аба базасын кайтарып алууну стратегиялык жеңиш катар баалап, ал Мосулду бошотуу операциясы үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Айрым позицияларды алдыруусуна карабай “Ислам мамлекети” аталган террордук уюм Ирактын бир топ жерлерин көзөмөлдөп турат жана кандуу терактарды уюштурууда. 3-июлда жасалган акыркы ири теракта 290 киши набыт болду. (AiT)

XS
SM
MD
LG