Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:23

Евро-2016: Оюндан кийин күйөрмандар полиция менен кагылышты


Европанын футбол майрамы.
Европанын футбол майрамы.

Европа чемпионатынын финалынан кийин Париждин башкы проспекти – Елисей талаасында футбол фанаттары полиция менен тирешти.

Франс пресс агенттиги полиция аларга дубинка, жаш чыгаруучу газ колдонуп, суу менен атканын, натыйжада оюн учурунда жана андан кийин 40 чакты адам кармалганын жазды.

Күйөрмандар полицияны таш, бөтөлкөлөр жана файерлер менен атып урушкан.

Эйфель мунарасынын жанына жүз миң кишилик фан-аймак уюштурулуп, чоң экрандар коюлган. Ага кире албай ичи ачышкандар алгач башаламандык уюштуруп, экранга таш атып, бир нече скутерлерди өрттөп жиберишкен.

Калган башаламандык оюндан кийин болгон.

10-июлдагы финалда португалдар кошумча таймда француздарды 1:0 эсебинде утуп, чемпион болушту.

XS
SM
MD
LG