Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Аскаровдун соту эртең уланмай болду


Жогорку Сот жабыркаган тарап келбей калганына байланыштуу Азимжан Аскаровдун ишин кароону эртең улантмай болду.

Бүгүн Жогорку Сотто Качыке Эсенкановдун төрагалыгы менен судьялар Лепес Темирбеков, Каныбек Бокоев 2010-жылдын Июнь окуясына айыптуу деп өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган Аскаровдун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу карай баштады. Буга чейин аталган инстанция райондук жана облустук соттордун өкүмүн күчүндө калтырган.

Быйыл жазында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровдун ишин кайра кароону Кыргызстанга сунуштаган.

Бүгүн башталган жараянда Аскаровду адвокаттар Нурбек Токтакунов жана Валерьян Вахидов коргоодо. Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова коомдук жактоочу катары катышууда.

Жабыркаган тарап, Аскаровдун буйругу менен өлтүрүлгөн деген милиционер Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова бүгүн сотко ден соолугуна байланыштуу келе албаганын, эртең сөзсүз катышарын "Азаттыкка" билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG