Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Дэвид Кэмерон отставкага кетүүдө


Дэвид Кэмерон.
Дэвид Кэмерон.

Улуу Британия премьер-министри Дэвид Кэмерон 13-июлда отставкага кетип, анын ордун Тереза Мэй ээлей турганы айтылууда. Кэмерон каныша Елизавета IIге кызматтан кетүү боюнча расмий түрдө арыз тапшырат. Кэмерондун төрагалыгы алдында британ өкмөтүнүн акыркы жыйыны бүгүн өтөт.

Буга чейин Улуу Британиянын энергетика министри Андреа Ледс өкмөт башчылык үчүн жарыштан чыкканын жарыялаган. Премьер-министрликке ички иштер министри Тереза Мэй жалгыз талапкер болуп калган. Акыркы алты жылдан бери ички иштер министри кызматын аркалап келаткан Тереза Мэй Британиянын Евробиримдикте калышын жактаган. Бирок референдумдун чечимин жүзөгө ашыруу керек деген позицияны карманууда.

23-июнда жалпы элдик добуш берүү учурунда британиялыктардын көпчүлүгү Евробиримдиктен бөлүнүү демилгесин колдогон эле. Мындан кийин премьер Дэвид Кэмерон кызматтан чегинерин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG