Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 19:56

Окуя Мичиган штатындагы Сент-Жозеф шаардык сотунун жанында 11-июлда болгон. Жергиликтүү полиция шерифи Пол Бейлинин маалыматына караганда, айыпкерди коштоп бараткан учурда ал күзөтчүлөрдүн куралын тартып алып, ок ачкан.

Андан эки укук коргоо кызматкери курман болду. Дагы бири жарааты менен ооруканага жеткирилгени, абалы дурус экени кабарланууда. Кол салган адамды полиция атып өлтүрдү.

Штаттын губернатору Рик Снайдер ок атуу боюнча иликтөө башталганын жана полиция абалды көзөмөлгө алганын "Твиттердеги" баракчасына жазды.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG