Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Атамбаев: Smart city боюнча Испания менен активдүү кызматташтыкка үмүттөнөбүз


Кыргызстан Smart city долбоорун ишке ашырууда Испания менен активдүү кызматташтыкка үмүттөнөт. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Испаниянын жаңы дайындалган элчисинин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып билдирди.

Педро Хосе Санc Серрано элчилик кызматка киришип жатып эки өлкө ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелердин мындан ары да бекемделишине колунан келген салымын кошорун айтты.

«Былтыр Барселонанын вице-мэри Энтони Вивес Томас бизге иш сапар менен келип, Smart city долбоорун талкуулаганбыз. Испания Бишкекте бул долбоордун ишке ашуусуна жардам берет деп ойлойм" деди президент Алмазбек Атамбаев.

Smart city (акылдуу шаар) - шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуу максатында заманбап технологияларды колдонуу. (RK)

XS
SM
MD
LG