АКШнын коргоо министри Эш Картер Кабулга күтүлбөгөн сапар менен барды. Америкалык аткаминер ооган бийлигинин өкүлдөрү жана АКШнын бул өлкөдөгү коопсуздук күчтөрүнүн башчылары менен жолугары маалымдалды. Тактап айтканда, Картер Ооганстандын президенти Ашраф Гани, башкы аткаруучу Абдулла Абдулла жана Ооганстандагы АКШ күчтөрүнүн башчысы, генерал Жон У. Николсон менен жолугушары айтылды.
Мындан бир апта мурда АКШ президенти Барак Обама АКШ 2017-жылга чейин 8400 аскерин калтырарын жарыялаган. Мурдараак бул сан 5500гө чейин кыскарышы мүмкүндүгү айтылган эле.
Вашингтон ооган күтчөрүн каржылоого жылына 3,5 миллиард доллар бөлүп берүүгө убада кылган, ал эми НАТОго мүчө союздаштар 1 млрд доллар бөлүп берүүгө даярдыгын билдирген.