Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:26

АКШнын Мичиган штатынун сотунда болгон атышуудан эки күзөтчү набыт кетип, шерфитин жардамчысы жарадар болду.

Сотко алып келинген айыпталуучулардын бири күзөтчүнүн тапанчасын жулуп алып, туш келди ок жаадырган. Окуя убактылуу кармоочу жайдан сотко баратканда болгон. Сот бул күнү айыпталуучу 44 жаштагы Ларри Даррнеллге бир нече пункт боюнча өкүмүн чыгармак. Кыска убакытка созулган атышуу маалында кылмышкер адамдарды барымтага алып, алардын жардамы менен качып кетүүнү көздөгөн. Бирок күзөтчүлөр аны атышууда жок кылышкан.

Сот имараты Каламазу шаарынан 80 чакырым алыстыкта жайгашкан.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG