Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун ичинде чек ара маселелери боюнча кызматташтык тууралуу макулдашууну ратификациялаган мыйзамга кол койду.
Макулдашуу 2015-жылы Уфа шаарында ШКУнун саммитинде кабыл алынган.
Документтин максаты - ШКУга мүчө өлкөлөрдүн чек арасын коргоодо кызматташтыкты бекемдөө, тиешелүү мекемелердин өз ара мамилесин чыңдоо.
ШКУга Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. (RK)