Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Москвада мечиттин имамы камалды


"Ярдям" мечитинин имамы Махмуд Велитов.
"Ярдям" мечитинин имамы Махмуд Велитов.

Москвадагы "Ярдям" мечитинин имамы Махмуд Велитов террорчулукка ачык чакырык жасап, экстремизмди кубаттаганы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына адвокат Дагир Хасавов жазды. Ал камакка алуу Велитов окуган таатардын бирине жана “Ал-Ислами” каналына берген маегине байланыштуу экенин ырастады. Анда имам “Хизб-ут Тахрир” кыймылынын мүчөсүнүн аракеттерин кубаттаганы айтылууда.

"Интерфакстын" маалыматына ылайык, Велитов ага тагылган айыптарды жарым-жартылай мойнуна алды.

"ТАСС" агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянап, Велитов экстремисттик ишмердүүлүк жүргүзгөн жана тыюу салынган адабиятты тараткан деп шектелип жатканын жазды. Анын батиринде жана “Ярдям” мечитинде тинтүү жүргүзүлдү.

Эгер имамдын күнөөсү далилденсе, беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG