Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Италияда поезддердин кагылышуусунан 20 адам каза тапты


Кырсык жыйырмадан ашуун адамдын өмүрүн алды.
Кырсык жыйырмадан ашуун адамдын өмүрүн алды.

Италиянын түштүгүндөгү эки жүргүнчү поезддин бет маңдай кагылышуусунан жыйырма адам мүрт кетип, он чакты адам жарадар болду.

Кырсык Адриатка деңизинин жээгиндеги Бари шаарынын жака белинде болгон. Италиялык телеканалдар бир нече вагондун толук иштен чыкканын көрсөтүштү. Эки поезд тең Ferrotramviaria SpA жеке компаниясына таандык болгон.

Жабыркагандардын арасында балдар да бар. Кырсыктын себептери азырынча тактала элек. Жергиликтүү полиция кызматтары буга адам фактору да себеп болушу мүмкүндүгүн айтышууда.

Кырсыкка байланыштуу Италиянын премьр-министри Маттео Ренци Миландагы сапарын чукул токтотуп, Римге кайтып келди.

Кырсык күнүнө 200дөй поезд жүргөн темир жолдордун биринде болду.

XS
SM
MD
LG