Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

УКМК талаштуу көрнөктөр боюнча териштирүү баштады


Улуттук коопсуздук боюнча комитет Бишкекте кечээ ар кайсы жерде илинген ири көрнөктөр боюнча териштирүү баштады. Аталган мекемеден "Азаттыкка" кабарлашкандай, алар боюнча расмий кайрылуу түшкөн жок, бирок белгилүү теолог Кадыр Маликовдун интернет аркылуу жасаган кайрылуусунун негизинде териштирүү баштады. Азырынча аларды ким илгени белгисиз.

Кечээ Бишкектин айрым жерлеринде "Кайран элим, кайда баратабыз?" деген көрнөктөр илинди. Анда баш жагында кыргыздын улуттук кийимин кийген кыз-келиндердин, андан кийин бетин ак менен чүмкөгөн, ал эми соңунда таптакыр капкара болуп чүмкөнгөндөрдүн сүрөтү тартылган. (RK)

XS
SM
MD
LG