Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Паспорттогу "улут" деген жазууну калтыруу талабы коюлду


Kyrgyzstan Bishkek Passport Illustration Bribe Generic May 2016
Kyrgyzstan Bishkek Passport Illustration Bribe Generic May 2016

Ушу тапта Бишкекте бир катар саясий партия, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында нааразылык акция өткөрүүдө. Алар паспорттон "улут" деген графаны алып салуу демилгесине каршы пикирин билдирүүдө.

Жарандык активист Адиль Турдукуловдун "Азаттыкка" айтуусунда, алгач алар Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин жанында чогулуп, Мамкаттоонун кеңсесине чейин жөө жүрүш жасашты. Жалпысынан акцияга 60тай адам катышууда.

Жарандын улуту көрсөтүлбөй турган паспорттун жаңы үлгүсү боюнча долбоорду Мамлекеттик каттоо кызматы сунуштаган. Мекеме жетекчиси Тайырбек Сарпашев паспорттогу “бешинчи графаны” алып салуу жарандык биримдикти бекемдөөгө багытталганын айткан эле. (RK)

XS
SM
MD
LG