Линктер

бейшемби, 24-август, 2017 Бишкек убактысы 07:13

Бириккен Улуттар уюму кагылышууларды токтотууга 12-июлда чакырды. Индияга караштуу, бирок эгемендүүлүккө умтулган Кашмирде дем алыш күндөрдөн кийин чыккан полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан 31 жаран, 1 полиция кызматкери набыт болду. Улуттар Уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун “бардык тараптарды сабырдуулукка жана зордук-зомбулукту күчөтпөөгө чакырды”. 400дөн ашуун жарадар болгондорго медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Коменданттык саат киргизилгенге карабай, миңдеген адамдар Трал шаарына келишип, жергиликтүү лидер Бурхан Ванинин жаназасына катышты. Анын 8-июлда Индия полициясы тарабынан өлтүрүлүшү Кашмирде каршылык жаратты. Расмий бийлик Ванини экстремисттик уюмдун лидери деп атап, анын өлтүрүлүшүн террорго каршы күрөштөгү ийгилик катары баалаган. (AiT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG