Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

НАТО жана Орусия 13-июлда сүйлөшүү өткөрөт


НАТОнун Варшава саммитиндеги төрт өлкө жетекчилери.
НАТОнун Варшава саммитиндеги төрт өлкө жетекчилери.

НАТОнун Чыгыш Европадагы аскердик күчтөрүн көбөйтүү чечимин кабыл алган Варшава саммитинен кийин эки тараптын бул биринчи жолугушуусу болуп калмакчы. НАТО 8 - 9-июлдагы Варшава саммитинде Орусиянын Крымды аннексиялоосу жана Чыгыш Украинада куралдуу жикчилдерди колдоосуна байланыштуу Чыгыш Европада аскердик күчтөрдү көбөйтүү чечимин кабыл алды. Ага ылайык Польша жана Балтика өлкөлөрүндө ротациялык негизде НАТОнун 4 миң аскери жайгаштырылат. Орусия мындай аракетке каршы аскердик чечимдерди кабыл аларын эскерткен.

Москванын билдирүүсүнө караганда, 13-июлдагы жолугушууда АКШнын ракетадан коргонуу системасы жана Балтика деңизинин аба мейкиндигиндеги коопсуздук маселеси каралат. НАТОнун маалымат катчысы Кармен Ромеро “Орусия жана НАТО Украина кризиси, аскердик тармакта ачыктык жана Ооганстандагы коопсуздук маселесин талкуулашарын” билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG