Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Орусияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылды


Орусиянын Саратов облусунда кыргызстандыктар түшкөн кичиавтобус жол кырсыгына учурап, эки адам каза тапканы кабарланууда. Окуя 13-июлда Ершов районундагы каттамда болгонун орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Казакстанды көздөй келаткан машине жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Каза болгон эки адамдан тышкары, төрт киши ооруканага түшкөн, дагы экөө бейтапканага жатуудан баш тарткан. Алардын баары Кыргызстандын жарандары. Тышкы иштер министрлиги бул кырсык боюнча азырынча маалымат бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG