Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Ангела Меркел Бишкекке келди


Бишкек
Бишкек

Европадагы таасирлүү саясатчы саналган Германиянын канцлери Ангела Меркел эки күндүк расмий сапар менен Кыргызстанга келди. 13-июлдун кечинде аны Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунан президент Алмазбек Атамбаев өзү тосуп алды.

Тышкы иштер министрлиги Ангела Меркел Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келип жатканын мурда кабарлаган.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, Меркел менен Атамбаев эки өлкө ортосундагы кызматташтык жана аны тереңдетүү боюнча маселелерди сүйлөшөт. Ошондой эле эл аралык жана Борбор Азияга таандык маселелер боюнча пикир алышат. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда немис канцлери менен президент биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшөт. Меркел парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен да жолугушат. Андан тышкыры өлкөнүн жарандык коомчулугу жана диний лидерлер менен кезигери пландалган.

Бишкектин көчөлөрүндө ушул күндөрү Меркелдин Кыргызстанга келишин кубаттаган, немис лидеринин сүрөттөрү түшүрүлгөн бир топ көрнөк такталарды көрүүгө болот. (SE)

XS
SM
MD
LG