Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Түркия: балет сынагында кыргызстандык жаш таланттар финалга чыкты


Түркиядагы балет сынагында кыргызстандык жаш таланттар финалга чыгышты, бирок алар баш байгени казакстандык атаандаштарына алдырып коюшту. Түркиянын Улуттук опера жана балет театры эки жылда бир уюштуруп келаткан Эл аралык Стамбул балет сынагы ушуну менен бешинчи ирет өттү.

Ага Кыргызстан, Украина, Бразилия, Болгария, Жапония, Орусия, Австралия, Литва, Казакстан, Канада, Түштүк Корея жана Түркиядан 33 жаш аткаруучулар катышты.

Кыргызстан курамасынан 5 катышуучу келип, алардын арасынан Алина Мамбеталиева, Фарух Адыркулов жана Марат Сыдыков 12-июлда финалга өтүп, сынактын талабы боюнча 2 классикалык жана 1 модерн номер көрсөтүштү. 13-июлдагы сынактын жыйынтыгында казакстандык Бахтияр Адамжан баш байгени утуп кетти. Кыргызстандык улан-кыздар болсо эл аралык сертификат алышып, лауреат болуп калышты. (ElB)

XS
SM
MD
LG