Президент Алмазбек Атамбаев менен Германиянын канцлери Ангела Меркел бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында эки өлкө ортосундагы карым-катышты талкуулашат. Ошондой эле эл аралык жана Борбор Азияга таандык маселелер боюнча пикир алышат. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда немис канцлери менен президент биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Меркел Кыргызстанга расмий сапар менен 13-июлдун түнүндө келди. “Манас” эл аралык аэропортунан аны президент Алмазбек Атамбаев өзү тосуп алды. Немис канцлери Атамбаевдин чакыруусу менен келип жатканы мурда кабарланган. Бүгүн ал парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков, өлкөнүн жарандык коомчулугу жана диний лидерлер менен кезигери, Эл аралык кызматташтык боюнча немис коомуна барары мерчемделген. (NT)