Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Орусияда өзбек-тажик мигранттары мушташты


Санкт-Петербургдун четиндеги Кудрово айылында тажик жана өзбек мигранттарынын ортосунда 13-июлда мушташ чыкты. Анын жыйынтыгында бир нече адам кармалып, бирөө ооруканага түштү. Бул тууралуу Орусиянын укук коргоо органдары кабарлашты. Маалыматка караганда, полиция өз убагында барып мушташты токтотуп калган. Азыр окуя боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Кармалган мигранттар Орусиядан депортацияланат. Мушташка канча адам катышканы так айтылган жок. Айрым маалымат каражаттары мигранттар мас болуп, аларга эскертүү берген жатакананын комендантын сабаганын жазууда. Акыркы эки жумада Кудрово айылында экинчи жолу мигранттардын жапырт мушташы орун алды. 27-июнда Борбор Азиядан келген мигранттар менен дагстандыктар урушуп, жыйырма чакты адам кармалган болчу.

XS
SM
MD
LG