Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Атамбаев Европа менен Орусияны мунасага чакырды


Кыргызстан Европа менен Орусияны мунасага келүүгө чакырат. Бул тууралуу бүгүн Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев билдирди.

"Биз Германия гана эмес жалпы Европа биримдиги менен кызматташтыкка кызыкдарбыз. Евразия аймагында эч качан ири согуш болушун каалабайбыз. Лиссабондон Владивостокко чейинки аралыкты камтыган Орусия менен Европанын орток экономикалык аймагы калыптанышын каалайбыз" деди кыргыз президенти.

Алмазбек Атамбаев жолугушууда Меркел Кыргызстандагы саясий-экономикалык жана башка негизги багыттар боюнча абалга кызыкканын, ага толук маалымат берилгенин, өлкө тандап алган демократиялык өнүгүү жолунда ишенимдүү баратканын айтып бергенин билдирди.

Өлкө башчынын белгилешинче, диндин радикалдашуусу, терроризм сыяктуу коркунучтарга каршы туруу маселелери да талкууланды. (RK)

XS
SM
MD
LG