Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Орусияда кыргыздар конок үй салууда


Чолпонбай Түлөбердиевдин Ата Мекениндеги эстелиги.
Чолпонбай Түлөбердиевдин Ата Мекениндеги эстелиги.

Москвадан 500 чакырым алыста жайгашкан Воронежде жашап, иштеп жатышкан кыргызстандыктар Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин жанына улуттук колориттеги конок үйүн куруп жатканын “Мурас” коомдук уюмунун жетекчиси Калыбек Назарбаев “Азаттыкка” билдирди.

Ушул тапта мигранттар өз күчү менен Селяново айылындагы эски балдар бакчасынын имаратын оңдоп-түзөп, чатырын жаап коюшкан. Конок үйү “Достук үйү” деп аталып, Улуттук маданий борбор катары да иштейт. Оңдоп-түзөө иштерине 1 миллион 137 миң рубль сарпталды.

Расмий маалыматтар боюнча Воронежде жашап, иштеген кыргыздардын саны 200 чамалуу.

XS
SM
MD
LG