Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Бишкекте талаштуу баннерлерди айрыган адамдар изделүүдө


Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 14-июлдун түнүндө белгисиз адамдар Юнусалиев жана Анкара көчөсүнүн кесилишинде илинген жарнаманы айрып кетишкен. Азыр алар издөөгө алынды.

Баннерлер башкалаанын көчөлөрүндө 12-июлда кечке жуук пайда болуп, ошондон бери коомчулукта кызуу талаш жаратууда. Анда улуттук кийимдеги аялдардын, бети-башын жоолук менен жаап, көзүн гана ачык калтырган кыз-келиндердин, ошондой эле чүмкөнгөн зайыптардын сүрөтү коюлуп, «Кайран элим, кайда баратабыз?» деп суроо салынган.

Айрымдар бул баннерлер коомчулукту экиге бөлүүчү чагымчыл мүнөздө деп баалашса, кээ бирөөлөр коомду диний радикалдашууга жеткирбөө үчүн мындай чакырыктар зарыл деген пикирлери менен бөлүшүп жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG