Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:14

Өкмөт башчы Нарында иш сапар менен жүрөт

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Нарын облусуна бир күндүк иш сапар менен барды. Өкмөт башчынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, Жээнбеков алгач Ак-Талаа районундагы айыл чарба иштерин көрөт. Андан соң Тайлак баатырдын күмбөзүнө барып, анын 220 жылдык мааракесине карата жүрүп жаткан жумуштар менен таанышат. Ак-Талаадагы сапары Байымбет Абдырахманов атындагы мектептин курулушун көрүү менен аяктайт. Андан соң Нарын районуна келип, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун курулушунан кабар алат. Мындан тышкары Ветеринардык дарт аныктоочу борбордун жана Нарын шаарындагы ыплас сууларды тазалоочу мекеменин ишин да текшерип чыгары кабарланды. 

XS
SM
MD
LG