Линктер

жума, 18-август, 2017 Бишкек убактысы 16:51

Токтогулда сел жүрдү


Токтогул Үч-Терек айылында катуу жааган жаандан сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 14-июль күнү кечинде Кызы-Ураан айылында кокту-колоттордон түшкөн суу сегиз үйдүн короолорун каптаган.

Ошондой эле ички чарбалык жолду шагыл-таштар басып, жол каттамга кыйынчылык жаралган. Жол каттамы жабылган эмес. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Жергиликтүү жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.(BkA)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG