Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Атамбаев жарандардын конституциялык укугун сактоону бекемдөөгө чакырды


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын жаңы шайланган төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алууда билдирди.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда Мамыров жарандардын конституциялык укуктарын сактоосун жакшыртуу жаатындагы аткарылчу иштер тууралуу маалымат берген.

Президент Атамбаев бул органдын мааниси өтө чоң экенин белгилеп, жарандардын конституциялык укуктарын сактоого көңүл бурууга чакырган.

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы 2010-жылдагы ыңкылаптан соң түзүлгөн. Ал Баш мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөгөн жогорку орган. Апрель ыңкылабына чейин өз алдынча Конституциялык сот катары ишмердик жүргүзгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG