Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:18

АКШ элчилигинин кызматкери Ысык-Көлдү сүзүп өттү


Ысык-Көл.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Майк Тайсон Ысык-Көлдүн күңгөйүнөн тескейине сүзүп өттү.

Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, элчилик кызматкери Тору-Айгырдан баштап, көлдөн 13 чакырым аралыкты 6 саатта сүзүп өткөн.

Элчиликтин Фейсбуктагы баракчасында: Майк Тайсон Ысык-Көлдүн тескейинен күңгөйүнө сүзүп жеткен белгилүү Тору Айгыр аттуу күлүк атты жолдоп, өзүнүн тарыхый 13 км аралыкты ийгиликтүү сүзүп өттү. Ал эс албастан 6 саат бою сүздү. Майкка куттуктоолор”,- деп жазылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG