Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Түркияда аскердик көтөрүлүш аракети жасалууда


Түркиянын бийлиги Европа менен Азияны бириктирип турган Босфор көпүрөсүн жаап салды. Түркиянын борбору Анкаранын үстүндө аскердик учактар учуп жүргөнүн Reuters маалымат агенттиги кабарлады.

Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым түз эфирден НТВ түрк телеканалына берген интервьюсуна Анкарада аскердик төңкөрүлүш аракети болгонун ырастады. Ал Түркиянын атуулдарын сабырдуу болууга чакырды.

- Тынчтыкты сактагыла, биз абалды жакынкы арада жөнгө салууга аракет кылабыз. Айрым аскердик топтор мамлекет аманат кылган куралдарды алып, аскерий төңкөрүлүш кылуу аракетин ишке ашырып жатат. Биз мындай аракеттерге жол бербейбиз, - деди Биналы Йылдырым.

Ал учурда Түркиянын коопзудук күчтөрү төңкөрүлүштү басууга аракет кылып атканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG