Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Түркия: төңкөрүш аракети учурунда өлгөндөр саны 200гө чамалады


Стамбул, Түркия
Стамбул, Түркия

Түркия армиясынын Башкы штабынын башчысынын милдетин аткаруучу, генерал Үмит Дүндар бүгүн Анкарадагы басма сөз жыйыны учурунда “төңкөрүш аракети үзгүлтүккө учурады” деп билдирди жана полиция менен прокурорлордун ыкчам аракеттерине байланыштырды.

Генерал Дүндар берген маалыматтарга караганда, төңкөрүш аракетине катышкан 104 жоокер өлтүрүлдү.

Алардан тышкары түнкү окуялар учурунда өмүрү кыйылган 90 кишинин 41 полицейлер, 47си жайкын тургундар. Ал эми жараат алгандар саны 1100дөн ашуун.

Өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, ушул сааттарга карата 1560тан ашуун аскер кызматчысы төңкөрүшкө тиешеси бар деп кармалды. Кеминде беш генерал жана 29 полковник аскерий төңкөрүш аракетине катышы бар деген шек менен кызматтарынан четтетилди. Коопсуздук операциялары уланууда. (UE)

XS
SM
MD
LG