Түркиядагы аскердик топ Режеп Тайип Эрдогандын бийлигин кулатууга аракет кылышты. Алар Башкы штабдын жетекчисин барымтага алышып, Анкарадагы бир катар мамлекеттик мекемелерге кол салышты. Стамбулга кеткен Босфор көпүрөсүндөгү кыймылды токтотушту. Эрдоган телекайрылуусунда элди көчөгө чыгууга үндөп, толкундоону үзгүлтүккө учуратууга чакырды.
Түркиядагы төңкөрүш драмасы
1
Стамбулга кеткен Босфор жолун жапкан аскерлер.
2
Аскердик төңкөрүшкө аракет кылуу Стамбулдун жолунда.
3
Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган аскердик төңкөрүш маалында Мармарис шаарында прессага маалымат берди.
4
Түрк жарандары Стамбулдагы Таксим аянтында турган аскерлерге кайрылып жатышат.
5
Эрдогандын чакырыгы менен Стамбулдагы Ататүрк аэропортуна миңдеген адам аскердик төңкөрүштү токтотуу үчүн чогулду.
6
Митингге чыккандар аскердик төңкөрүшкө каршы чыгууда. Стамбул.
7
Стамбулдагы Таксим аянтында полиция аскер кызматчыларын кармап жатат.
8
Полиция кызматкери жаалданган топтон аскер кызматкерлерин коргоп жатат.
9
Полиция аскер машинесин курчап калды. Анкара.
10
Стамбулдагы Босфор көпүрөсүндөгү кыймыл 16-июлда калыбына келди.