Стамбул шаарындагы Кулели аскер академиясында төңкөрүшкө кошулду деген айып менен 80 курсант кармалды.
Бул Академияда жалпысынан 95 чет элдик курсант билим алат. Арасында Азербайжан, Грузия, Ооганстан, Албания, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Сомалиден келгендер бар. Алар академияны бүтүргөн соң кайра мекенине кайтат.
Стамбулдагы кыргыз консулдугу Аскер академиясындагы бардык кыргыз курсанттар Кыргызстанда каникулда экенин билдирди. (ElB)