Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Түркияда дагы эки генерал камакка алынды


Аскердик танктын үстүндө турган түрк полицейи. Стамбул, Түркия.
Аскердик танктын үстүндө турган түрк полицейи. Стамбул, Түркия.

Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракетине тиешеси бар деп шектелген аскер кызматкерлеринин камакка алынуусу уланып жатат.

"Анадолу" кабар агенттиги билдиргендей, 2-командачылыктын башчысы генерал Адем Худути жана 2-армиянын штабынын башчысы, генерал-майор Авни Ангун камалды. Мындан тышкары Түркиянын булуң-бурчунан эки генерал менен бирге болгон көптөгөн аскерлер өлтүрүлдү.

Учурда Грецияга качып, башпаанек сураган сегиз аскер кызматкерин кайрадан Түркияга өткөрүп алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Өткөн түнү Түркияда төңкөрүш жасоо аракети болуп, ал ишке ашкан жок.(EIB)

XS
SM
MD
LG