Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Жарандын конституциялык укугун коргогон адвокаттар тобу түзүлөт


court
court

Кыргызстанда жарандардын конституциялык укугун коргогон адвокаттар тобу түзүлөт. Бул тууралуу Конституциялык палатадан кабарлашты.

Мекеменин демилгеси менен Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас облустарынын адвокаттары үчүн жайкы мектеп уюштурулуп, аларга конституциялык укуктарды коргоо жаатында кеңири маалымат берилет.

Конституциялык палатанын маалыматына караганда, соңку жылдары бул соттук органга кайрылгандардын саны көбөйө баштаганы байкалат.

Конституциялык палата Жогорку Соттун курамындагы орган. Ага жарандардын Конституцияда жазылган укуктарын өлкөдө кабыл алынып жаткан мыйзамдар же башка укуктук-ченемдик актылар, президенттин жарлыктары, өкмөттүн токтомдору бузду деген шек жаралганда кайрылса болот. (RK)

XS
SM
MD
LG