Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Армения: Полиция имаратында барымтага алынгандардын экөө бошотулду


Армениянын борбору Ереванда полиция имаратында барымтага алынгандардын экөө атайын операция маалында бошотулду. Бул тууралуу өлкөнүн атайын кызматы кабарлады.

Буга чейин кабарлангандай, бир адам каза тапты, экөө жарадар болду.

Расмий бийлик кырдаал көзөмөлдө экенин айтууда.

Бүгүн эртең менен куралчан топ полиция участогуна бастырып кирип барып, камакта жаткан оппозиционер Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылган. Сефилян мыйзамсыз маңзат сатып алган, сактап жүргөн деген айып менен 22-июнда кармалган.

Ошону менен катар алар президент Серж Саргсяндын отставкасын талап кылууда.

Оппозиция өкүлү Варужан Аветисян алардын талаптары аткарылмайынча имараттан чыкпай турганын билдирди. Айрым маалыматтарга караганда, ичинде 25 чакты адам бар. (RK)

XS
SM
MD
LG