АКШнын Луизиана штатында жайгашкан Батон-Руж шаарында белгисиз бирөө ок атып, натыйжада үч полиция кызматкери өлтүрүлдү. Дагы бир нечеси ар кандай жараат алды.
Ок чыгарган киши качып кутулган. Кылмыш болгон жер курчоого алынды. Окуя каерде болгону азырынча тактала элек.
5-июль күнү Батон-Ружда полициячы 37 жаштагы афро-америкалык Алтон Стерлингди атып өлтүргөн, ал эми 6-июлда Миннесота штатынын Сан-Пол шаарында кайгуул кызматкери 32 жаштагы кара терилүү Филандо Кастиле аттуу айдоочуга ок чыгарып, ал каза тапкан.
Жогорудагы окуялардан кийин АКШнын көптөгөн шаарларында полиция кызматкерлерине каршы нааразылык акциялары күч алган. Акциялардын биринде 7-июль күнү Техас штатынын Даллас шаарында ооган согушунун ардагери беш полиция кызматкерин атып өлтүрүп, жетөөсүн жарадар кылган.