Түркиянын Стамбул шаарындагы Сабиха Гөкчен аэрпортунда бүгүн атышуулар орун алды. Жергиликтүү Hürriyet басылмасы аэропортто рейд учурунда полиция жана аскер күчтөрү тирешкенин жазды. Кээ бир аскерлер полицияга каршылык көрсөткөн жана мунун арты атышуу менен аяктаган. Атышуудан эч ким жабыр тартпаганы кабарланууда. Төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген негизде, дагы 11 аскер кызматкери камакка алынды.
Түркия бийлиги учурда аскердик гарнизондордо рейд жүргүзүп, ишке ашпай калган төңкөрүштүн жактоочуларын камакка алып жатат. Түркиялык NTV телеканалынын маалыматына караганда, ушуга чейин ар кайсы аскердик түзүмдөрдүн 30дан ашуун генералы кармалды.
Ушул тапта ишке ашпай калган төңкөрүшкө тиешеси бар делген 6000дей адам кармалгандыгы айтылууда. Соңку окуялардан каза тапкандардын саны 260тан ашып, жараат алгандар 1400дүн тегерегинде. Өлгөндөрдүн 100дөн ашууну жок кылынган козголоңчулар экенин расмий бийлик кабарлады.
16-июлга караган түнү Түркияда айрым аскер жетекчилеринин буйругу менен мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, ишке ашкан жок.
Учурда окуя болгон Анкара менен Стамбулда жашоо акырындап өз нугуна түштү.
Бийлик төңкөрүш аракетине өзүнүн каршылашы, бозгундагы диниятчы, учурда АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Бирок ал мындай айып негизсиз экенин айтып, төңкөрүштү бийлик атайлап уюштурган болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө. (ElB/NT)