Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Армения: куралчан топ менен сүйлөшүү жүрүүдө


Армения.
Армения.

Армениянын бийлиги полициячыларды барымтага алгандар менен сүйлөшүүнү улантууда. 17-июлдан бери Ереванда куралдуу топ башкалаадагы полиция имаратында алты тартип сакчысын барымтада кармап турат. Эребуни районундагы полиция имаратын куралчан адамдардын басып алуусунун айынан бир адам өлүп, бир нече адам жарадар болгонун “Азаттыктын” армян кызматы маалымдады.

Полиция учурда куралчан адамдар ээлеп турган имаратты курчоого алды. Армян бийлиги 18-июлга караган түнү барымтадагы адамдарды куткаруу операциясын баштай турганы кабарланган. Бирок азырынча бул боюнча маалымат түшө элек. Бийлик сүйлөшүү жүргүзүп, куралдуу топту талаптарынан баш тартууга көндүрүүгө аракеттенип жатканы белгилүү болду.

17-июль күнү эртең менен куралчан топ полиция участогуна бастырып кирип, камакта жаткан оппозиционер Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылган. Сефилян мыйзамсыз маңзат сатып алган, курал сактап жүргөн деген айып менен 22-июнда кармалган. Куралдуу топ президент Серж Саргсяндын отставкасын да талап кылууда. Оппозиция өкүлү Варужан Аветисян талаптары аткарылмайынча, имараттан чыкпай тургандарын билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG