Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Керри: Эрдогандын билдирүүсү түрк-америка алакасын бузат


Жон Керри.
Жон Керри.

Түркиядагы төңкөрүш аракетине катышы бар деп Вашингтонду айыптоо эки тараптуу мамилеге доо кетирет. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Түркия тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен сүйлөшкөн учурда билдирди.

Керри АКШ окуянынын чоо-жайын иликтөөдө Түркия бийлигине жардам берүүгө даяр экенин айткан. Ошол эле маалда козголоңду Америкадан көрүү туура эместигин белгилеген.

Керри Анкараны сабырдуу болууга, кандуу окуянын жагдайларын иликтөөдө мыйзамдарды сыйлоого чакырды.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган 16-июлда америкалык кесиптеши Барак Обаманы диниятчы Фетхуллах Гүленди кайтарууга үндөгөн. Кечээ Жон Керри Гүлендин козголоңго катышы бар экенин ырастаган далилдер болсо, Вашингтон аны карап чыгууга даяр экенин жарыялаган.

Бийлик төңкөрүш аракетине өзүнүн каршылашы, бозгундагы диниятчы, учурда АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Бирок ал мындай айып негизсиз экенин айтып, төңкөрүштү бийлик атайлап уюштурушу мүмкүн деп билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG