Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:55

Ереванда барымтада кармалгандардын экөө бошотулду


Армения, Ереван. 17-июль, 2016-жыл.
Армения, Ереван. 17-июль, 2016-жыл.

Ереванда барымтада жаткан полиция кызматкерлеринин экөө дүйшөмбү таңында бошотулганы кабарланды. "Негиздөөчү парламент" деп аталган оппозициялык кыймылдын куралчан тобу 17-июль, жекшембиде полиция имаратына чабуул жасап, кызматкерлерин барымтага алган.

Чабуул учурунда Еревандын патрулдук кызматынын жетекчи орун басары Артур Ваноян набыт болуп, дагы үчөө жараат алган. Учурда барымтада дагы төрт полиция кызматкери калууда. Алардын ичинде Еревандын полиция жетекчисинин эки орун басары бар.

Армениянын полиция кызматынын башчысы Унан Погосян террорчулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлаган. Армениянын акыйкатчысы "Азаттыктын" армян кызматына берген маалыматы боюнча, укук коргоо органдары мурун кармалган 200 оппозиция өкүлүнүн элүүсүн бошоткон.

Армениянын негизги саясий күчтөрү, алардын ичинде бир катар оппозициялык партиялар, чабуулчуларды кескин айыптап, саясий маселелер зомбулуксуз, конституциялык жол менен чечилиши керектигин ырасташууда.

XS
SM
MD
LG