Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Президент укук коргоо органдарын реформалоо жөнүндө жарлыкка кол койду


Президент Алмазбек Атамбаев.
Президент Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргызстандын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчы укук коргоо органдарынын азыркы абалы коомчулуктун жана улуттук коопсуздуктун талаптарына туура келбестигин белгилеп, тармактын коррупцияга батканын, бул абал жарандарда нааразылык күчөгүнүн сындады. Президенттик аппараттын маалымат кызматы тараткан кабарга ылайык, Атамбаев укук коргоо органдарындагы кемчиликтер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасир тийгизип жатканын белгилейт.

Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлык 8 пункттан турат. Анда укук коргоо тармагын реформалоо боюнча жумушчу топ түзүү милдети Коргоо кеңешине жүктөлгөн.

XS
SM
MD
LG